Акыркы макалалар

Баткендеги митингчилер Бөжөй айылы менен байланышты калыбына келтирүүнү талап кылууда

Баткендеги митингчилер Бөжөй айылы менен байланышты калыбына келтирүүнү талап кылууда

10. 01. 2013. Гүлзат Газиева

Баткен шаарынын борборунда топтолгон 100дөй адам Бөжөй айылы менен байланышты калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу КТРКнын Баткен областы боюнча кабарчысы Медербек Ниязалиев кабарлады.

«Митингдин катышуучулары Сох анклавында болгон окуядан улам каттоо үзүлгөн Бөжөй айылы менен байланышты калыбына келтирүүнү талап кылууда. Бөжөй айылында 700дөй киши жашайт»,- деп маалымдады М.Ниязалиев.

Айтымында, митингге чыккандар Баткендин аэропортуна багыт алышты. Мында Өкмөттүн Баткен областы боюнча өкүлү учуп келүүсү күтүлүүдө. Эске салсак, 5-январда Сох анклавынын аймагындагы «Чарбак» чек ара тозотуна электр өткөргүчүн тартып келаткан Кыргызстан чек арачылырана кол салынган. Хушяр айылынын тургундарынын бир тобу чек арачылардын курал-жарактарын тартып алууга аракеттенишкен. Аскер кызматкерлердин айрымдары денесинен жараат алышкан. Чек арачылардын айтымында, Баткен областынын тургундарынын эки автоунаасы өрттөлгөн жана Сох анклавынан өтүп бараткан маршруттук автобус талкаланган. Автобустун жүргүнчүлөрү барымтага алынган. Эки күндөн соӊ эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин барымтадагылар бошотулган.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...