Акыркы макалалар

Ниязалиева менен Азыранкулов парламенттен колдоо тапты

Бүгүн, парламент жыйынында депутат Дамира Ниязалиеванын социалдык блок боюнча вице-премьер-министрликке талапкерлигин көпчүлүк колдоду. Ушул эле жыйында Чүй облусунун мурдагы губернатору Айбек Азыранкуловдун талапкерлиги Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине жактырылды.

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов 12-декабрда кызматтан алынган. Мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сариева Билим берүү министри болуп дайындалгандан кийин, Дамира Ниязалиеваны бул кызматка премьер-министр көрсөткөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...