Акыркы макалалар

Давид Вилья «Арсеналда» ойнойт

Давид Вилья «Арсеналда» ойнойт

10.01.2013. Мендибек кызы Жибек

«Барселона» (Испания) жана «Арсенал» (Англия) Давид Вильянын трансфери боюнча макулдашышты.

«Арсенал» «Барселона» менен анын чабуулчусу Давид Вильянын лондондук команданын катарына өтүүсүнү макулдашышты деп билдирет «Sky Sports». Сүйлөшүүнүн шарттары азырынча белгисиз, бирок мурда маалымдалгандай англичандар Вилья үчүн каталондуктарга 17 миллион доллар ал эми футболчунун айлыгын жумасына 135 миң евро кылып бериши айтылат.

Давид Вилья өзү болсо бутунан оор жаракат алып, «Барселонанын» негизги курамындагы орунун жоготкон соң, команда алмаштыруу ниетинен жашырбайт.

2012-жылкы сезондо 31-жаштагы футболчу 20 беттеште ойноп 8 гол киргизген.

Фото: metro.co.uk

Түп нускага шилтеме : www.yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...