Акыркы макалалар

КТРК кабарчыларын сабаган адам электр энергиясы үчүн 409 миң сом карыз

Тийиштүү кызматтар берген маалымат боюнча, «Ата-Түрк» эс алуу багынын четиндеги хан сарайлардын ээлеринин көпчүлүгү, мурунку жогорку кызматтагылар жана азыркы айрым аткаминерлердин жакындары.

«Түндүкэлектр» ишканасынын билдирүүсүндө, жарык үчүн бир гана үйдүн карызы жарым миллион сомду чапчыйт. Заңгыраган үйлөрдүн ээлери тарабынан кызматкерлерди кысымга алуу болгондуктан, иштин аягына чыйпай жатканын энергетиктер белгилейт. Бул жерде көздүн жоосун алган кан сарайлардын ээлери, колунда бийлиги менен капчыгы толо бизнесмендер. Тилекке каршы алардын айрымдары мойнунда олчойгон карыз илинип жатса дагы тоготпогон мамиле кылат. «Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери кагазын көтөрүп алып, үймө-үй кыдыруудан тажабайт, же керектөөчүлөр электр жарыгын пайдалангандыгы үчүн төлөп койбойт. Мындай көрүнүш бир нече жылдан бери кайталанат. Майнап чыгабы деп милиция менен кошо келет бирок андан деле жыйынтык болбойт.

Күч органдары «биз аларга карата чара колдоно албай жатабыз. Дарбазаңарды ачкыла десек ачпайт. Колуңардан келгенин кылгыла деген сөз угабыз», - дешет. «Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлеринин айтымында, борбордогу Малдыбаев атындагы көчөсүндө жайгашкан үйлөрдө азыркы бийликте отурган айрым кызматкерлер жашайт. Бул жерден кымбат баалуу автоунаа жана кабаттап салынган үйлөрдү көрүүгө болот. Бирок күнүмдүк жашоого керектелчүү жарык кантип колдонулат билүү кыйын. Себеп, электр чубалгылары жер алдынан өткөрүлөт. Ал эми, үч фазалуу электр чубалгысы болсо уруксааты жок туташтырылган. Светке болгон карызы жарым миллион сомго чейин. Анан албетте, жыйынтыгында көп чыгым болду деп карапайым элдин жарыгы өчүрүлөт.

Элита районунан орун алган үйлөрдүн кожоюндары уясында дайым эле боло бербейт. Бул жолку рейдде дагы бир нече үйдүн дарбазасынын коңгуроосу кагылганы менен ич тараптан эч кимдин доошу чыккан жок. Үйдүн каалгасы ачылып бирөө чыгып калса, электртердин иши оңунан чыкканы.

Кыдыруу учурунда түндүк электрден келген кызматкерлер эшикти ачуусун суранганда, ал жердеги күзөтчү эшикти ача албай турганын, үй ээси азыр жок экенин айтты.

«Түндүкэлектр» ишканасынын мекемелер аралык ыкчам көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүсү Төрөбай Боогачиевдин айтуусунда, бул жерде көпчүлүгү өз алдында электр энергиясын улаштырып алгандар. «Мисалы, мына бул үйдө Сариев аттуу жаран жашайт. Ал дагы чиновниктерге тиешелүү экени белгилүү», - дейт ал.

«Түндүкэлектр» ишканасы электр энергиясы үчүн төлөбөгөндөрдү ачыкка чыгарды. Тизмеде Ата-Түрк паркынын тегерегинде жайгашкан 23 кан сарай бар. Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан үй ээлеринин тизмеси:

Өмүралиев - 409 миң сом, Маковская - 272 миң сом, Сариев - 272 миң сом, Садырбаев - 31 миң сом, Рысалиев - 17 миң сом, Шеитов -17 миң сом, Халдамов - 16 миң сом, Керезбеков - 16 миң сом, Ушаков - 9 миң сом, Жаналиева - 7 миң сом, Момунова - 7 миң сом, Арзыкулова - 7 миң сом, Бөрүбаев - 7 миң сом, Адаев - 4 миң сом, Сафаров - 5 миң сом, Мырзабаев - 6 миң сом, Учкунбаев - 6 миң сом, Сафаров - 5 миң сом, Сагынов - 3 миң сом, Пирматова - 3 миң сом, Орозалиев - 2 миң сом.

Коррупцияга каршы ишкер кеңеши «Ата-Түрктүн» айланасындагы ызы-чууларды мамлекеттик деңгээлде чечүүнүн мезгили келди деп эсептейт. Мына ушундай маселелерден улам, айрым атка минерлердин кесепетинен өлкө казынасына зыян келүүдө.

Нурипа Муканова, Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин төрайымы: «таң калыштуу, жарым миллион сомго чейин карыз жыл аягында билинип жатат. Негизи «Түндүкэлектр» ишканасы ай сайын текшерүү жүргүзөт. Анда бул сумма эмне үчүн ачыкка чыккан эмес. Бул жерде, энергияга төлөбөгөндөр менен көзөмөлчү тыгыз байланышкан».

Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин билдирүүсүндө, кээде 50 сом карызы бар жөнөкөй жарандардын кыштын ызгаар суугунда жарыгы өчүрүлгөн учурлар бар. Свет акысын ай сайын төлөө үчүн келген карапайым калктын саны болсо, төлөө түйүндөрүндө арбын. Жетимиш жаштагы ардагер Кенжебек Жантемиров, пенсия күтүп жашаса дагы чөнтөгүндө болгон тыйынын жарык үчүн убагында төлөйт.

«Байбичем экөөбүз тең пенсионербиз. Пенсия алаарыбыз менен газга, светке ай сайын төлөп турабыз. Кээде свет көп керектелди деп жарыкты өчүрүп дагы коюшат. Бул жанагы байлардын кесепетинен да. Кары-картаңдар төлөп жаткандан кийин аларга таң каласың. Колунда жок эмес бар», - дейт ардагер Кенжебек Жантемиров.

«Ата-Түрк» эс алуу жайынын аянты 1992-жылы 107 гектарды түзгөн болсо, азыр 74 гектар гана калды. 1996-жылдан 2009-жылга чейин жергиликтүү бийлик парктын жерин четинен кесип берип, жер тилкелери үлкөн чиновниктерге тийген. Бул боюнча 2007-жылы чыр чыгып, андан бери териштирүү уланууда. Бирок элиталык райондун жашоочулары соттон утуп, короосуна эч кимди жакындаткан эмес.

Коомдук ишмер Мавлян Аскарбековдун пикиринде, жаштар коому 2009-жылы «Ата-Түрк» паркына үйлөр мыйзамсыз салынып баштаганда эле каршылыгын билдирип чыгышкан. Мурунку Баткен облусунун губернатору Арзыбек Бурханов, депутат Курманбек Осмонов, Турсунбай Бакир уулу жана УКМКнын эск-төрагасы Кеңешбек Дүшебаевдердин үйлөрү ошол жерге салынган. Эми алар, электр энергиясын төлөбөй жатканы чоң кылмыш болуп эсептелет.

Элиталык үй ээлеринин үстүнөн кароо үчүн, укук коргоо органдарына жана тийиштүү жактарга «Түндүкэлектрдин» жетекчилиги кайрылды.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...