Акыркы макалалар

КРдын Евразиялык экономикалык союзуна кошулушу тууралуу Келишимге кол коюлду

КРдын Евразиялык экономикалык союзуна кошулушу тууралуу Келишимге кол коюлду

Кечээ, 23-декабрда Россия Федерациясынын Москва шаарында Мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Евразиялык экономикалык союз жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу Келишимге кол коюлду.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзга кошулушунун ачык жана адилеттүү параметрлери аныкталгандыгын белгиледи. "Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү бажы тарифине өтүүдө эсептөөнүн өлчөмү, Келишимдин күчүнө кирүү мөөнөттөрү, бирдиктүү бажы тарифинин колдонулушунун жана кыргыз-казакстандык чек арада бажы контролун алып салуунун даталары аныкталды", - деди мамлекет башчысы.

Президент ошондой эле Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кыргызстан Евразиялык экономикалык союздун мүчөсү болуп калаарына ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан оор жылдарды баштан кечиргендигин белгиледи. "Биз тынчтыктын, ынтымактын баасын жакшы билебиз, ошону үчүн биз терең ойлонуп, интеграциянын, жакшы коңшулаштыктын жана достуктун жолун тандап алып жатабыз. Эгерде биз биргелешип, ынтымактуу болуп, бири бирибизге жардам берсек, өлкөлөрүбүз ушул татаал мезгилди жеңилирээк басып өтөөрүнө ишенем", - деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде мамлекет башчылары улуттук мыйзамдарын Евразиялык экономикалык союздун укуктук базасына шайкеш келтирүү боюнча Кыргызстан чоң иш аткаргандыгын белгилешти.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...