Акыркы макалалар

Мамлекеттин менчигинде кала турган улутташтырылган объектилердин тизмеси

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен тиешелүү чечим алганга чейин мамлекеттин менчигинде калуучу объектилердин тизмесин жарыялайт. Бул тизмеге 31 объекттер киргизилген.

КР өкмөтүнүн атайын чечими чыкканга чейин мамлекеттин менчигинде кала турган объектилердин тизмеси:

1.Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары 39 А дарегинде жайгашкан административдик имарат;

2.«Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКда жайгашкан 12,49 га жер тилкеси жана кичи терминал,

3.Бишкек шаарынын Тоголок Молдо 40 дарегинде жайгашкан Спорт ордосунун түндүк тарабындагы имарат-курулуш;

4.«Спартак» стадионундагы түштүк жана батыш тарабындагы имарат,

5. Токтоналиев 2/1 дарегинде жайгашкан «Чатыр-Көл» кинотеатры;

6.«Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКнын аймагында жайгашкан май куюуучу «Манас» комплекси;

7. «Дастан» трансулуттук корпорациясы» ААКнын 44,08877% акциясы;

8.«Дастан» трансулуттук корпорациясы» ААКнын 6,36817% акциясы;

9.Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын аймагында жайгашкан 4,73 га жер тилкеси;

10.Чолпон-Ата шаардык башкармалыгынын аймагында жайгашкан 4,91 га жер тилкеси;

11.Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Булан-Соготу айылында жайгашкан «Ысык-Көл Аврора» санаториясынын аймагында жайгашкан «элитный» турак жайы бар 10 га жер тилкеси менен «Аврора Плюс» ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекси;

12.Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Булан-Соготу айылында жайгашкан «Ысык-Көл Аврора» санаториясынын аймагында жайгашкан 31 коттеджи жана көп батирлүү конок үйү бар «Аврора Плюс» ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекси;

13.«Нарынгидроэнергокурулуш» ЖЧКнын 90% акциясы;

14. «Нарынспецгидроэнергомонтаж» ААКнын 71,3794% акциясы;

15.«Континент Принт» ЖЧКнын 65% үлүшү;

16.«Каприз» ЖЧКнын 28,34% үлүшү;

17.«СК Ресурс» ЖЧКнын 35% акциясы;

18.«СК Ресурс» ЖЧКнын 35% акциясы;

19. «Таш-Көмүр» ЖЧКнын 97,03% үлүшү;

20.«Кант цемент заводу» ААКнын 13,21% акциясы;

21. Win code WBAKB 810449CY52201 БМВ-750 LI маркасындагы унаа;

22.Win code WAB4632481X162400 Мерседес-Бенц G500 маркасындагы унаа;

23.Win code JTSNYOOW294028398 Лексус-LX570 маркасындагы унаа;

24. 3MZ 4161824 Лексус-RX330 маркасындагы унаа;

25.Win code IGNFK163X9J110614 Шевроле Субурбан LS маркасындагы унаа;

26. Жалал-Абад шаарындагы 0,30 га аянты бар «Плодопитомник» №2 контурдагы жер тилкесинде жайгашкан турак-жайлар жана чарба курулуштары;

27.Жалал-Абад шаарынын Нефтяникова 3 дарегинде жайгашкан жер тилкеси жана имарат;

28.Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасындагы «Таш-Башат» жер тилкесиндеги курулуштар (резиденция);

29.Жалал-Абад шаарынын Курманбек 8 көчөсүндө жайгашкан 33198,0 чарчы метр аянттагы жер тилкеси жана 21986,6 чарчы метр имарат;

30.«Альфа Телеком» ЖАКнын 49% акциясы;

31.«Чакан ГЭС» ААКнын 100% акциясы.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...