Акыркы макалалар

Өзгөндө массалык жаңжалда 27 адам жабыр тартты

9.01.2013. Эркин Матраимов

8-январь күнү Ош областынын Өзгөн районунун Куршаб айылында жергиликтүү тургундар менен, Кытай эл республикасынын Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында электр жабдууларын орнотуп жатышкан жумушчулар арасында жаңжал чыккан.

Жаңжалдын себеби жумушчулар, жергиликтүү тургундардан төрт жаранды уюлдук телефон уурдаган деген негиссиз себептерден барымтага алышканынан улам чыккан.

Кырдаалды жөнгө салып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө барган Өзгөн районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине да, кытай жарандары каршылык көрсөтүп ушундан улам жергиликтүү 100дөй адам бастырып киришкен.

Натыйжада жергиликтүү тургундардан төрт, Өзгөн ички иштер кызматкерлеринен беш, ал эми Кытай жарандарынан 18 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан.

Ош обласстык ички иштер басма сөз кызматы билдиргенине караганда, окуя болгон жерде Ош ОИИБнын жана Өзгөн РИИБнүн ыкчам тергөө топтору тарабынан кароо жүргүзүлүп, фото-видео тасмага тартылып, буюм далилдери алынды.

Аталган окуя боюнча топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Респуюбликасынын Кылмыш жаза Кодексинин мыйзамдарына ылайык кылмыш изи козголуп, тергөө амлдары жүргүзүлүүдө.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...