Акыркы макалалар

Кафеде иштеген жаш кызды 15 миң сомго жана бир койго сатып жиберишкен

Ысык-Көл областында адам сатуу фактысы катталды. Бул тууралуу областтын ички иштер башкармалыгы кабарлайт.

Ведомство берген маалыматка таянсак, Тоң районунун ички иштер бөлүмүнө Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну кайрылган. Аял ушул жылдын октябрь айынын соңунда 14 жаштагы кызы Тоң районундагы "Кубакы" участогунда жайгашкан "Жолбулак-Евразия" кафесине иштеп келиш үчүн кеткенин жана эмдигиче дайыны жок экенин айтып арыз берген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында милиция кафенин ижара ээлери кызды Чүй областынын Кичи-Кемин айылына "кыз 19 жашка чыкты",- деп 15 миң сомго жана бир койго сатып жиберишкен.

Аталган факты боюнча тергөө органдары иш алып барууда.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...