Акыркы макалалар

Кыргызстанда кайрадан күйүүчү майдын баасы арзандады

Кыргызстанда кайрадан күйүүчү майдын баасы арзандады

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өзгөргөнү тууралуу маалымдады.

19-декабрда түндүк областтарда АИ-80 жана АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы литрине 0,4 сомго арзандады. Республиканын түштүгүндө АИ-80 жана АИ-92 маркасындагы күйүүчү майдын баасы литрине 1,5 сомго арзандаган.

"Дизель отунунун баасы баардык аймактарда 1,5 сомго баасын төмөндөтүп, 2014-жылдын башындагы деңгээлге келген. Күйүүчү майга карата чекене баанын өзгөрүшү төртүнчү ирет болуп жатат. Ноябрь айынын соңунан тартып бензиндин баасы 2,2 сомдон 3 сомго чейин арзандады, күйүүчү отун 3,5 сомго баасын ылдыйлатты",-деп кабарлашты нефтетрейдерлер.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...