Акыркы макалалар

Пакистанда 57 талибан жок кылынды

Пакистанда 57 талибан жок кылынды

Пакистандын Тирах аймагында бүгүн 57 талибан жок кылынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар маалымдаган.

Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматында, аскерлер тарабынан жасалган чоң масштабдагы операцияда талибандар жашаган аймак бутага алынган. Жалпысынан 20 жолу абадан сокку урулган.

Учурда Пакистан өкмөтү "Талибан" кыймылы менен күрөштү күчөтүп, Пешавардагы окуядан кийин өкмөт башчы Назив Шариф террордукта айыпталгандарга кайрадан өлүм жазасын киргизди.

16-декабрь күнү Пешавардагы аскер адамдарынын балдары окуган мектепке куралчан талибандар кол салып, 148 адам каза болуп, алардын 132си окуучулар болгон. Согушчандар мектепте жаш балдарды аеосуз аткылаган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...