Акыркы макалалар

Ошто элдик курултай сунуштар, сын-пикирлер менен коштолду

Ошто элдик курултай сунуштар, сын-пикирлер менен коштолду

Ош шаарында жергиликтүү жамааттардын V элдик курултайы болуп өттү. Элдик курултайды уюштуруунун башында турган шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, элдик курултайды өткөрүү боюнча жобо эскирген. Акыркы жолу 2005-жылы шаар кеңеши элдик курултай боюнча токтом кабыл алган. Андан бери бир топ мыйзамдар өзгөртүлүп, курултай жобосу да өзгөрүүгө мажбур эле. Бүгүнкү өткөн курултайда бир шаар тургундары, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү жана журналисттер катышып, анда сунуштар жана сын-пикирлер менен коштолду.

Элдик курултайды ачып жатып Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев карапайым шаар тургундары менен шаар жетекчилигин тыгыз байланыштыруу үчүн курултайдын жобосу эскиргенин айтып, жобону жаңылоого жаңы кабыл алынган Ош шаары жөнүндөгү мыйзам жана бир топ жылдан бери курултай өтпөй калганы негиз болгонун айтты.

-Мурдагы уставды өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен эле кабыл алып койсо болбой беле дегендер болушу мүмкүн. Жергиликтүү жамааттардын соңку редакциясы 2005-жылы кабыл алынган. Андан бери толук 10 жыл өттү. Экинчиден, «Ош шаарынын статусу» жөнүндө мыйзам кабыл алынды.

Кыргызстандагы Демилгелүү ишкер аялдар уюмунун жетекчиси Авазхан Ормонова да бүгүнкү элдик курултайга катышып, шаар жетекчилигине өзүнүн бир топ орчундуу сунуштарын айтты.

-Ош шаарыбызда эң чоң байлык бар. Бул байлык эл. Адамдык ресурсту эч ким, эч жакка жок кыла албайт. Ошто кандай гана иш-чара болбосун адамдарга гана багытталган иш-чара болуш керек. Билим деңгээли, ден соолугу, ошого жараша инфраструктуралар курулуш керек. Мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жардам керек. Аялзатын мэриянын башкаруу тутумуна катыштыруу керек.

Белгилүү ырчы Жолболду Алыбаев Ош шаарында маданият тармагына эч ким көңүл бурбай жатат деп айтып чыкты. Буга чейинки шаар башчыларына да маданиятка көңүл буруу, аны өнүктүрүү суранычы менен кайрылып, көңүл сыртында калып келатканын билдирди.

-Бизде маданият үйүнүн өзү жок. Биздин маданият башкармабыз көрүнгөн жерде иш жүргүзүп жүрөт. Маданиятты өнүктүрүү үчүн сөзсүз маданият үйү болуш керек. Бишкек шаарында өзүнүн симфониялык оркестри, элдик этникалык оркестрлери бар. Шаардын мэриясынан, шаардын кеңешинен суранам, ушуга көңүл буруп койсоңуздар.

Ош шаары көп улуттуу, Кыргызстандын экинчи борбору болуп эсептелет. Легендарлуу парламенттин депутаты, учурда Ош шаарынын тургуну Бахтияр Маматжанов бүгүнкү элдик курултайда шаар жетекчилигин курамы бир улуттуу экенин, шаарда коррупция менен күрөшүү таптакыр болбой жатканын айтты.

-Бизде коррупция менен бирөө күрөшүп атабы? Улут аралык мамилени ким сактап жатат. Мэрияда бүт вице-мэрлер бир улут. Бизде 80 улут болгондон кийин баарын эске алып, улуттар аралык мамилени бекитүү үчүн иш жүзүндө аткаруу керек. Алмаз Шаршенович келгенден кийин коом тазалана баштады. Биз ага жардам бербейлиби?!

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...