Акыркы макалалар

Банк жабдуулары КНСтен бошотулушу ыктымал

Банк жабдуулары КНСтен бошотулушу ыктымал

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 95 пайыз накталай акча жүгүртүү болсо, калган 5 пайызы накталай эмес. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору 2-окууда каралып жаткан учурда белгилүү болду. Эгерде аталган мыйзам колдоо тапса, анда республикада накталай эмес акча жүгүртүүнүн көлөмү көбөйөт. Ал эми терминалдарды КНСтен бошотуу менен өлкөнүн бюджетине 30 миллион сомдой салык төлөнбөй калат. Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев болсо, бюджетке 30 миллион салыктын төлөнбөй калышы көйгөйдү жаратпайт дейт.

Депутаттар талкуу маалында эки ача пикирде болушту. Бири аталган мыйзам долбоорун колдоо керек десе, айрымдары бул жеке кызыкчылык болушу мүмкүндүгүн айтып, колдоого татыктуу эмес мыйзам долбоору экендигин белгилешти. Алардын катарын депутат Элмира Жумалиева толуктап, эгер андай боло турган болсо, анда жарандардан бирдик салуу учурунда алына турган 5 сом комиссияны да алып салуу тууралуу оюн билдирди.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров банк терминалдары азыркы замандын талабы экенин айтып, коңшу мамлекеттерди мисал кылды. Ал жалпы эл өкүлүн аталган мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Буга чейин эгер Кыргызстан накталай эмес акча жүгүртүүгө өтсө, көмүскө экономиканы ачыктоого жол башталаары айтылып келген.

Узакка созулган талкуунун жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлүп, жыйынтыгында 2-окуудан өттү.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...