Акыркы макалалар

Коррупция менен күрөшүү саясатка айландыбы?

Коррупция менен күрөшүү саясатка айландыбы?

“Акыйкат таразасы” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында учурда өлкөбүздө коррупция жаатында кандай күрөш жүргүзүп жатат. Баштапкы жылдагыдан кандай өзгөрүүлөр болууда ушул жана башка суроолордун үстүндө ЖКнын депутаты “Коррупцияга каршы аракеттенүү” боюнча комитеттин мүчөсү Туратбек Мадылбеков менен маек курдук.

-Алгач эле өлкөбүздө жүрүп жаткан коррупциялык күрөшкө кандай баа бересиз?

-Менин баамымда кылмыш иши иликтенип козголот. Бирок иш ары жылбай токтоп калып жатат. Бизде жакшы укук коргоо органдары болгону менен тилекке каршы тажрыйбасыз таза эмес кызматкерлер басымдуулук кылат. Ошол себептен улам коррупция жаатында күрөш ойдогудай болбой жатат. Коррупция менен күрөшүүдөн мурда укук коргоо органдарын айрыкча сот системасындагы судьяларды тазаламайынча коррупция менен кармаш өз жемишин бербейт.

-Коррупцияга байланыштуу кылмыш боюнча ушуга каршы алектенген мамлекеттик кызматкердин 9-11 айлык отчеттунда, жалпы коррупциялык көрүнүштөр боюнча жалпы 1700дөн ашуун кылмыш иши аныкталыптыр. Өткөн жылдарга салыштырмалуу жылыштар барбы?

-Коррупция деген сөздү модага айлантып алдык. Быйыл жылдагыдан мынча цифрага өстү же мындай иштер аткарылып жатат дегенибиз менен тескерисинче, миллиондогон бааны камтыган иштер азыркы күндө жашыруун айтылбай калууда.

-ЖКнын өткөн жыйынында сиз жергиликтүү аткаминерлер болобу, чоңдор болобу жеп-ичкендер көп болуп жатат деп билдириптирсиз. Кайсынын негизинде айтып жатасыз?

-Менде жетишерлик түрдө фактылар бар. Муну айтып чыкканымдын бирден-бир себеби бизге элдер тарабынан ар кандай коррупция жаатында каттар, маалыматтар келип түшүп жатат. Бирок ошол кайрылуунун көбүнчөсү укук коргоо органында тыгылып, жөн эле жатат. Жакынкы аралыкта бир топ коррупция жаатында схемалуу кылмыштардын бетин ачканга даярданып жатабыз.

-Коргоо кеңешинин жыйынында сөз болгондой, 2014-жылы 17-мамкызматкерге «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголуптур? Бул көрсөткүч дагы көбөйүшү мүмкүнбү?

-20 жылдан ашуун мамлекеттин кайсыл органы болсун жеп-ичип келишкен. Эгерде укук коргоо органы ынтымакта ыкчам иш алып бара турган болсо, ошондой эле алардын эмгегин соттор жебей туура чечим чыгара турган болсо, бул көрсөткүчтөн 4-5 эсеге өсүшү мүмкүн.

-Коррупция менен күрөш саясий багытка өңүт алып алган жокбу? Айрымдардын айтымында, кээ бир мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш иши козголушун саясий өңүткө шөкөттөп жатышат. Алдыда шайлоого даярдык деген сыяктуу?

-Коррупцияга каршы күрөштү саясатка айландырбаш үчүн укук коргоо органы тез иш-аракеттерди көрүш керек. Туура, ким кандай күнөө кылса, кайра запкысын жеп жатат. Бирок ага адилетүү баа бергенде бийликтик эмес топторго, фракцияларга катуураак чара көрүлүп жатат. Толук иш далилдүү боло электе эле массалык каражаттардан көрсөтүшүп, аша чаап кеттип жаткандары да бар.

-Мамлекеттик кайсы бийлик бутагында дагы деле коррупциялык көрүнүштөр болуп жатат?

-Азыркы күндө коррупциялык схемалар көбүнчө укук коргоо органдарында болуп жатат. Анткени бардык нерселердин баары ошолор аркылуу чечилет же жабылат. Ошондой эле сот системасында бар.

-Коррупция менен күрөштүү жакшыртуу үчүн дагы кандай нерсени сунуштоо керек?

-Биринчи кезекте укук коргоо органын сапаттык деңгээлин көтөрүш керек. Анан албетте сот бийлигин толук көз карандысыз кылуу керек.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...