Акыркы макалалар

Логистика боюнча регионалдык семинар өтүүдө

18-декабрдан 20-декабрга чейин Бишкек шаарында Ак-кеме мейманканасында Транспорт жана логистика боюнча регионалдык семинар өтөт. Бул семинарга мамлекеттик ведомстволордун жана жеке сектордун, анын ичинде алып ташуучулар, чоң жүк ташуучу жана эскедиторлук компаниялар, Афганистан, Индия, Казахстан, Кыргызстан, Пакистан, Таджикистан, Туркменистан жана Өзбекстанда жайгашкан логистикалык жана сактоочу жайларды камсыз кылуучу компаниялардын өкүлдөрү катышат. Катышуучулар кырдаалдуу маселелерди чечүү жолдорун жана Борбордук жана Түштүк Азия боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...