Акыркы макалалар

С. Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамын берүү жөнүндө токтом кабыл алды

16-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер С.Ибраимовго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору добушка коюлуп, бир добуштан колдоого ээ болду.

Мындай демилге менен Каныбек Иманалиев, Каныбек Осмоналиев баштаган Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары чыгышкан.

Маселе Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде каралып, жогорудагыдай токтом долбоору жактырылып, парламенттин кароосуна сунушталган.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...