Акыркы макалалар

Кореянын компаниясы бүткүл Кыргызстанды wi-fi түйүнүнө кошууну сунуш кылды

Түштүк Кореядан келген делегация Кыргызстанда ишкерлер үчүн бизнес-форумду жана жогору технологиялардын көргөзмөсүн биргелешип өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кечээ, 16-декабрда Экономика министри Темир Сариев башында ишкер Ким Миненгсун турган Түштүк Кореянын делегациясын кабыл алды.

Корей тарап Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына wi-fi орнотуу жагын да сунуштап жатат. Корей тарап ыңгайлуу жана колдонууга үнөмдүү болгон wi-fi түйүнүнүн жабдууларын бермекчи.

Ошондой эле Кореядан келген коноктор мал чарбасы менен туризм жаатына кызыкдар болду. Мындан тышкары КРде лифтилер жана моторлорду чыгара турган завод куруу тууралуу долбоорду талкуулашты. Ошондой эле смарт-ридерлер орнотулган күнөсканаларды куруу жагы сүйлөшүлдү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...