Акыркы макалалар

Сох: чек арадагы чырлуу окуя эки тараптуу иликтенет

Сох: чек арадагы чырлуу окуя эки тараптуу иликтенет

08.01.13. Гүлзат Газиева

Кечээ күнү Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Өзбекстандын Фергана облусунун акими, эки тараптын күч түзүмдөрү жана чек ара мекеме өкүлдөрүнүн кеӊейтилген жолугушуусу болду. Анда тараптар чек ара тилкесинде болуп өткөн инцидент боюнча иликтөө иштерин жүргүзүү жана өз ара маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүлдү. Бул тууралуу Кыргыз МУКК Чек ара аскерлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Эске салсак, 5-январь күнү Баткен облусунун Сох анклавында Хушяр айылынын тургундары чектеш Чарбак айылынын 30дай тургунуна кол салып, барымтага алган. Кечээ күнү барымтага алынгандардын баары толук бошотулган.

Фото: Медербек Ниязалиев

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...