Акыркы макалалар

Хоккей боюнча Евразия кубогуна Кыргызстандын курамасы катышат

Хоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Орусиянын Сочи шаарында 20-29-декабрь аралыгында өтө турган Евразия кубогуна даярданууда. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш “Хоккей жомогу” деген аталышты алып жүрөт.

Кыргызстан курамасына 100 спортчудан иргелип, 22 спортчу кирди. Учурда шаардык муз аянтында машыгуу сборунан өтүп жаткан курам 20-декабрда мелдешке катышуу үчүн жөнөп кетет.

Кошумчалай кетсек, мелдешке Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Латвия, Крым курамалары жана орусиялык “Ермак”, “Русь”, ЦСКА, “Ак-Барс”, “Локо-04”, “Металлург”, “Серебряные львы” клубдары катышат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...