Акыркы макалалар

Дамира Ниязалиева вице-премьер болууга макулдук берди

КСДП партиясынан депутат Дамира Ниязалиева социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр болууга макулдугун берди. Бул тууралуу Sputnik маалымат булагы кабарлады.

Ниязалиева аталган булакка маалымдагандай, ал үчүн бул партия тарабынан берилген тапшырма. Ошондуктан ал андан баш тарта албайт.

"Мен бул оор кызматты аркалоого даярмын. Табиятыман тырышчаакмын жана өкмөттү дайыма сындап келгем. Эми тосмонун аркы жагына өтүп, ишти баштоо керек. Ишти эмнеден баштоо тууралуу өз мүдөөлөрүм бар",-деген ал.

Белгилүү болгондой, вице-премьер-министрлик кызмат Эльвира Сариева бир аз мурда кызматтан бошотулган Канат Садыковдун ордуна барууга макул болгондон кийин бош калган. Дүйшөмбү, 15-декабрда КСДП фракциясы Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин премьер-министрлик кызматка көрсөтүү чечимин кабыл алган болчу.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...