Акыркы макалалар

2014-жылдын ичинде 36 мектептин курулушу аяктаган

2014-жылы жалпы өлкө боюнча капиталдык салымдардын эсебинен 36 мектептин курулушу аяктаган. Алардын 24ү ички булактардын эсебинен (республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча), ал эми 12си Түркиянын грантынын эсебинен бүткөрүлгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ар бир мектептин сметалык нарктары, ишке ашыруу мөөнөттөрү жана долбоордук кубаттуулугу ар кандай. Айрым мектептер 3-4 жылда курулса, бирок алардын көпчүлүгүнүн курулушу 2013-жылдан тартып курула баштаган. Курулуш башталгандан бери курулуп бүткөн мектептерди каржылоонун жалпы суммасы 1 миллиард 262 миллион сомду түзүп, анын ичинен ички булактардын эсебинен (республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча) 894 миллион 404,6 миң сом, Түркиянын грантынын эсебинен 367 миллион 679,8 миң сом сарпталган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...