Акыркы макалалар

Америка жаштары дүйнө чемпионатын утушту

Америка жаштары дүйнө чемпионатын утушту

08.01.2012. АКО

Жаштар арасындагы хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде АКШ курама командасы кыйынчылык менен Швеция жаштарын утуп алышты.

Россиянын Уфа шаарында өткөн мелдеште эсепти биринчи швециялыктардан Филип Сандерг ачты. Ага жооп катары америкалыктардан Рокко Гримальди 28 жана 31 мүнөттөрдө эки жолу гол киргизди. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө швециялыктар дарбазачысын оюнчуга алмаштарды, бирок бул да эсепти теңегенге жардам бере албады. Тескерисинче, бош калган шведдердин дарбазасынан үчүнчү шайба орун алды.

Ошентип, швециялыктар былтыр уткан титулун америкалыктарга тарттырып жиберишти. Бул, Америка жаштар курамасынын тарыхындагы үчүнчү жеңиш болду. Алар 2004 жана 2010-жылдары дүйнө чемпиону болушкан эле.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...