Акыркы макалалар

Ошто электрондук китепкананы ишке киргизүү пландалууда

Бүгүн, 16-декабрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №16 мектеп-гимназиясында өткөн “Байлыктын баары китепканада” аттуу семинарда шаардагы мектептерде электрондук китепкананы иштетүү боюнча талкуу жүргүзүлүп, алдыңкы күндөрдө ишке киргизүү пландары айтылды. Азыркы технология өнүккөн заманда электрондук китепкананын окуучулар үчүн бир топ артыкчылыктар менен кошо жеңилдиктер болоору жана мектеп окуучуларынын китеп окууга болгон кызыгуусу алдыга жылаары да белгиленди. Семинардын жүрүшүндө Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата окуучулар тарабынан даярдалган адабий-музыкалык кече коюлду. Ошондой эле китеп окуу сынагы уюштурулуп, жеңүүчү окуучулар адабий китептер менен сыйланды. Жыйынга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана аталган башкармалыкка караштуу бардык мектептин китепкана жетекчилери катышты.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...