Акыркы макалалар

Канжар Кадыралиев боюнча иш Интерполго берилди

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Ош шаардык прокуратурасынын мурунку кызматкери Канжар Кадыралиевге издөө жарыялоо боюнча ИИМ Интерполго кайрылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев "КирТаг" маалымат булагына билдирген.

"Канжар Кадыралиевди 19-ноябрдан бери тынымсыз издеп жатабыз. Ал башка өлкөгө чыгып кетпеши үчүн ага тиешелүү козголгон кылмыш ишти Интерполго жөнөттүк. Жабырлануучулар анын Ошто жүргөнүн бир айдан бери айтып келишет, бирок издеп таппай жатабыз. Ал эми "милиция издебей жатат" деген сөздөр туура эмес, аны табуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө, бирок дайыны чыкпай жатат. Ошондой эле, Канжар Кадыралиевдин өлкөдөн чыгып кеткендиги боюнча Чек ара кызматында маалымат жок. Ал телефон номурларын тез-тезден алмаштырып тургандыктан турган жерин аныктоо кыйын болуп жатат. Ошондуктан Интерполго кайрылып, материалдарды жөнөттүк",- деди Ашырбаев.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиев менен жеке ишкерге байланышкан чыр коомчулукка жарыяланган.

Анда, жабырлануучу Ашыралы Келдибаев Бишкекте 10- октябрда маалымат жыйын өткөрүп, " Кадыралиев: үч күндүн ичинде Кыргызстандан чыгып кеткиле, чыкпасаңар кырып салам. Мен бандитмин, бандит боюнча калам. Силер үч күндүн ичинде Кыргызстандан чыгып кеткиле", - деп коркутуп, "Канжар Кадыралиев жана анын жигиттери 20 миң доллар бер деп баламды кордошкон", - деп билдирген эле.

Ошондой эле, бул окуя тууралуу жабырлануучу Ашыралы Келдибаев президент Алмазбек Атамбаевге, райондук, облустук жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, Канжар Кадыралиевге чара көрүүнү суранып жаткандыгын айткан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...