Latest articles

Кара-Жыгачта турак үй өрттөнүп, 2 адам каза болду

Аламүдүн районунда Кара-Жыгач айылында бүгүн түнү саат 00:28де үйүндө өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен 2 адам каза болду жана турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган аянты 100м² чатыры, үй эмеректери, кийим-кече жана документтер күйгөн.

Өрт болгон жерден үйдүн ээси 1973-жылы туулган Үмөтбаева Эльвира Абаскановнанын жана анын кызы 2011-жылы туулган Үмөталиева Касиет Тимуровнанын күйүп калган денелери табылган.

Ошондой эле өрттүн кесепетинен үй ээсинин кызы 2010-жылы туулган Тимур кызы Асият жана тууганы 1963-жылы туулган Калдар Орозбаев колдорунан, буттарынан жана денелеринен күйүк алышып, Бишкек шаардык 4-ооруканасына жеткирилген.

Өрттү өчүрүүгө КРнын ӨКМнын №5 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, өрт саат 02:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан.

Original url : saresep.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...