Latest articles

Ысык-Көлдө "Хизб ут-Тахрир" уюмунун өкүлдөрү кармалды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун өкүлдөрү кармалышкан. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, ИИМдин 10-башкы башкармалыгы тарабынан ыкчам иликтөө багытында иш-чаралар уюштурулуп, анын алкагында аталган уюмдун идеяларын жайылтуу менен алектенген жарандарды колго түшүрүшкөн. Кармалган жарандардан экстремисттик маанайдагы китептер, диний-экстремисттик уюмдардын атрибуттары жана башка буюмдар алынган. Азыркы тапта аталган факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...