Latest articles

Алты кыргызстандык Россияга мыйзамсыз кириш үчүн поездден секирип кетишкен

Алты кыргызстандык Бишкек - Москва каттамы боюнча жүрүп бара жаткан поездден Россиянын чегарасын мыйзамсыз кесип өтүү максатында секирип кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда "Интерфакс" маалымат агенттиги Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Оренбург областы боюнча чегара башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен маалымдады

Окуя кечээ күнү Россиянын чегара бекетинен алыс эмес жерде, Акбулак областынын Акбулак районунда болгон. Кыргызстандыктар составдан поезд мамлекеттик чегараны кесип өтүп, өткөрүү бекетине жакын калганда секирип кетишкен.

"Секирген маалда бир аял башынан жаракат алган. Жашырынууга аракет кылган кезде тартип бузуучулар чегара наряды тарабынан кармалды. Жабыр тарткан жаран шаардык ооруканага жеткирилди жана ага медициналык жардам берилди", -деп маалымдаган басма сөз кызматы.

Чегарачылар кармалгандар Россияга эмгекке орношуу максатында мыйзамсыз кирүүгө аракет кылышканын такташты. Сот чет элдиктердин ар бирине 2 миң рублден айып пул салды жана Россиянын чегинен чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...