Latest articles

"Кумтөр" 2014-жылы 18 тоннадан ашык алтын өндүрүүнү пландап жатат

Алдын ала эсептөөлөр боюнча "Кумтөр" кениндеги өндүрүш көлөмү 2014-жылы 550-600 миң унцияны же болбосо 17,1-18,7 миң тонна алтынды түзмөкчү. Бул тууралуу "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунун басма сөз кызматы маалымдады.

Компания өткөн жылдагыдай эле баардык өндүрүлгөн көлөмдүн 50 пайыздан ашыгы 2014-жылдын акыркы кварталында алынарын, анткени борбордук карьердеги алтын курамы көп SB аймагы иштетиле баштарын белгиледи.

"2014-жылдагы жалпы капиталдык салымдар 99 миллион доллар көлөмүндө пландалып жатат. Анын 47 миллион доллары негизги фонддорду жаңылоого: тоо техникаларын жаңылоо, кошумча тоо жабдууларын, алтын чайкоочу фабриканын тегирменинин тиштүү айландыргычын сатып алуу, калдык сактоочу жайларды, дамбаларды куруу иштерине жумшалмакчы",-деп маалымдады басма сөз кызматы.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...