Latest articles

ЖК комитети Ош шаарында диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү маселесин талкуулап жатат

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарында диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү маселесине арналган көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тармактык комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбеков, диний чөйрөдө түзүлгөн кырдаалды талдоолор көрсөткөндөй, диний экстремизм менен эл аралык терроризм көрүнүштөрү күчөп бараткан учурда бул көчмө жыйын өтө мааниси зор, деп эсептейт. «Диний багытта адистер менен бирге иштелип чыккан бирдиктүү программанын алкагында жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл», - деди ал.

Комитеттин мүчөлөрү Кыргызстандын аймагында көмүскө иш жүргүзгөн эл аралык экстремисттик уюмдар тарабынан өлкөдө диний экстремизмдин идеяларын жайыртуу аракеттери пайда болгонун, алар өз иштеринде компьютердик технологиянын акыркы жетишкендиктерин пайдалануу менен, Инттернет түйүнүндө видеороликтерди жайгаштырып, дин туткан адамдардын арасында үгүт иштерин жүрүгүзүп, аларды согушка жалдоо аракеттери жасалып жатканын белгиледи.

ЕККУ Борборунун колдоосу менен уюштурулган Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин диний экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү маселесине арналган көчмө жыйыны өз ишин улантууда.

Original url : www.barakelde.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...