Latest articles

Ошто 60 адам паспорт алды

Мындай маалыматты Ош шаардык паспорт-виза кызматынын жетекчиси Ринат Алиев билдирди. Ош шаарында жашап, бирок Кыргызстандын жараны катары таанылбаган алтымыштан ашык жаран ушул жылдын сентябрь айынан бери паспорт алууга арыз таштаган. Алардын күбү советтик паспортун алмаштыра электер жана такыр паспорт ала электер болуп чыккан.

Советтик кызыл паспортту жаңысына алмаштырбай жүргөндөрдүн көбү 40 жаштан жогорку курактагылар. Өмүрүндө паспорт ала электердин басымдуусу Жапалак айылынан.

БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы Кыргызстанда 15 миӊден ашык кишинин жарандыгы жок экенин жарыялаган. БУУ ушул жылдан тарта дүйнө жүзүндөгү 10 миллионго жакын жарандыгы жокторду каттоого алуу өнөктүгүн баштады.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...