Latest articles

“Жунда” заводу жергиликтүү тургундардын макулдугун албай туруп өз иш-аракетин баштаган

2010-жылы Кара-Балта шаарына жакын курулган кытайлардын нефтти кайра иштетүүчү “Жунда” заводу жергиликтүү тургундардын макулдугун албай туруп өз иш-аракетин баштаган. Учурда аталган завод Кара-Балтада жашаган жергиликтүү калктын ден соолугуна зыян келтирип, абаны булгоодо. Бул тууралуу Бишкекте өткөрүлгөн басма сөз жыйында “Асыр” экологиялык уюмунун жетекчиси Карыпбек Серенов билдирди.

“Завод 40 га аянтты ээлейт. Негизи инвестор катары келишим түзүүдө ошол аймактагы элдин макулдугун алып, алардын жашоосуна зыян келтирбей тургандай иш алып баруу керек. Бирок бийлик өкүлдөрү толугу менен мыйзамдын чегинде жасабай, экологиялык нормага туура келбеген, айдоо аянтына аталган заводду курууга мүмкүнчүлүк берген. Азыр жергиликтүү эл ошонун азабын тартууда”,-дейт К.Серенов.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...