Latest articles

Ислам өнүктүрүү банкы Ош-Баткен-Исфана жолун реконструкциялоого $21 млн бөлүүгө даяр

Ислам өнүктүрүү банкы Ош-Баткен-Исфана жолун реконструкциялоого $21 млн бөлүүгө даяр. Бул тууралуу КирТАГга жума күнү унаа жана байланыш министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунан билдирди.

«Ислам өнүктүрүү банкы Ош-Баткен-Исфана жолун реконструкциялоого каражат бөлүүгө даяр. Долбоордун жалпы баасы 23,76 млн. Алардын $21,32 млн насыялык каражат иретинде бөлүүгө даяр, КР өкмөтүнүн тең каржылоо үлүшү $2,44 млн»,- деп билдирди министрликтен.

Ош-Баткен-Исфана автожолу узундугу 360 чакырым Баткен областын Кыргызстандын башка областтары менен байланыштырып туруучу жана республиканын транспорттук кѳз карандысыздыгын камсыздоочу республиканын приоритеттүү транспорттук коридорлорунун бири катары эсептелет.

Учурда макулдашуу Жогорку Кеңешке ратификациялоого берилген.

Original url : kyrtag.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...