Latest articles

Кара-Балтада ислам комплексинин курулушу башталды

Кара-Балта шаарында Ислам комплексинин курулушу башталды. Бул комплекстин курулушуна мектеп, медресе жана мечит кирип, курулуш иши кызуу жүрүүдө. “Бул курулуш иши Кара-Балта шаарынын тургундары үчүн чоң жетишкендик, себеби балдарыбыздын ыйман жолуна түшүп, татыктуу таалим-тарбия алышына себепкер болсо, чоңдорубуз үчүн руханий баалуулугубуз болгон жан дүйнөбүздүн тазарышына, элибиздин ынтымагын бекемдегенге түрткү болот”,-дешет шаар тургундары.

Ислам комплексинин курулуш ишинин ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, Кара-Балта шаарынынмэри Данияр Шабданов, Чүй облусунун казысы Нурлан Танабаев жана казыят кызматкерлери катышты.

Ислам комплексинин курулуш иши аяктаса элибизге көптөгөн жакшылыктарды алып келип, өзгөчө жаштарыбызга жана жалпы эли-журтубузга пайда алып келет деген жылуу пикирлерин айтышып, дуба кылышты.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...