Latest articles

Ошто жаш журналисттер теледе маек куруу боюнча тренингден өтүштү

Ошто жаш журналисттер теледе маек куруу боюнча тренингден өтүштү

Журналисттер” коомдук бирикмесинин Түштүк бѳлүмүндѳгү «Ош пресс-клубунда» «Теле журналистикада маек куруу ” темасына арналган журналисттер үчүн 1 күндүк тренинг болуп ѳттү. Бул тууралуу пресс-клубдун жетекчиси Жыпар Акунова билдирди.

Аны теле журналист Элима Жапарова алып барды. Ал “Маек курууга даярдануу”, “Суроо берүүнүн эрежелери”, “Ачык, жабык суроолор”, “Суроолордун актуалдуулугу”, “Маектешти капыстан маекке тартуу”, “Күтүлбѳгѳн суроолор”, “Ыңгайсыз суроолор” сыяктуу бир катар эрежелер менен тааныштырды.

“Жаш журналисттер ѳздѳрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, маек алууда журналист оператордун кайсыл тарабында туруш керек, микрофон кайсы колунда болуш керек, маек котормочу аркылуу алынса котормочунун үнү берилиш керекпи деген сыяктуу суроолорго да жооп ала алышты”,-деди Ж.Акунова.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...