Latest articles

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы үч шайлоо тилкесинде добуштарды кайра саноо жүргүзүлөт

КР Өкмөтүнүн шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Ак-Суу районунун үч шайлоо тилкесинде, 25- ноябрда өткөрүлгөн жергиликтүү кеӊешке карата болгон шайлоодогу добуштарды кайра санап чыгуу чечимине келди. Бул туурасындагы маалыматты «Демократия жана жарандык коом коалициясынын» Ысык-Көл облусу боюнча коомдук бирикмесинин директору Мира Абдраимова билдирди.

Маалыматка ылайык Ак-Суу районунун № 3135,3137, 3122 шайлоо участкалары боюнча арыз даттануулар түшкөн. Негизинен тилкелик шайлоо комиссиясы байкоочуларга протоколдорду берген эмес. Ал эми добуштарды саноо учурунда шайлоо бюллетендерди көрсөткөн эмес.

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...