Latest articles

Ысык-Көлдө Каракол шаарынын брендинин бет ачаары болду

Каракол шаарынын брендинин бет ачаары болуп, ага шаар мэри, шаардык кеңештин депутаттары жана бренди алга жылдырууда иштеп жатышкан ЮСАИДдин өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Ишенбек Өмүрканов катышуучуларды куттуктап, бренд шаар үчүн тарыхий окуя экенин белгиледи. «Биз өзүбүздүн бренд аркылуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү, ишканаларыбызды, туризм тармагын, продуктыларыбызды чет өлкөлөргө тааныта алабыз. Келечекте Каракол шаарынын брендин таанытуу аркылуу шаарыбыз бүт дүйнөгө белгилүү болоруна ишеним чоң. Ошондуктан биз, элге сүйүктүү шаарынын брендин пайдаланууну сунуш кылабыз», - деди ал.

Иш-чарада бренд тууралуу видео роликтер көрсөтүлүп, анын мааниси зор экенин белгилешти.

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...