Latest articles

Ош шаарында Кикбокс боюнча эл аралык турнир башталды

Ош шаарында Кикбокс боюнча эл аралык турнир башталды. Спорттук иш-чара шаардагы Сүйүмбаев атындагы стадионунда өтүүдө. 13-14-октябрь күндөрү болчу турнир «Сулайма-Тоо» кубогуна арналууда. Ага Кыргызстандын 7 облусунан, 2 шаарынан спортчулар катышууда. Ал эми чет мамлекеттерден Тажикстан жана Казакстандан мушкерлер келишти. Жалпысынан 80ден ашык спортчу бул кубок үчүн беттешет. Бул тууралуу Ош шаардык спорт комитетинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, турнирдин жыйынтыгы эртеӊ, 14-октябрда, чыгат. Жеӊүүчүлөргө ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылат.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...