Latest articles

М.Султанов: Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусунда өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө экендиги жолтоо болбойт

Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусунун терс таасирине караганда оң жактары арбын болгондугунан улам, Жогорку Кеңеш депутаттарынын басымдуу бөлүгү Биримдикке кирүүгө байланыштуу мыйзамдар топтомун колдоду, деген пикирин депутат Марат Султанов «Парламент» радиосунун түз уктуруусунда билдирди, деп маалымдайт парламенттин басма сөз кызматы.

«Азыр жаңыдан түзүлүп жаткан Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке да башында кирген оң болот. Бажы биримдиги менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндик бири-бирине тыгыз байланышкан уюмдар, менимче, ага башында тең кошулган өлкөлөр гана теңата сүйлөшө алат», - дейт ал.

М.Султанов Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусунда өлкөнүн Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө экендиги жолтоо болбой турганын да баса белгиледи. «Орусия менен Армения деле Дүйнөлүк сода уюмунун мүчөсү, Казакстан дагы жакында киргени турат. Ошондон улам, Бажы биримдиги менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндик уюмдарында бул жагынан анчалык деле тоскоолдуктар болбойт. Бирок, анын мүчөлөрү бул маселе жаатында алдын-ала сүйлөшүп алганы жөндүү, ансыз болбойт», - деп эсептейт депутат.

М.Султанов Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен Кыргызстан мурдатан эле КМШ, ЕврАзЭБ, ШКУ сындуу эл аралык кызматташтык уюмдарынын алкагында чогуу иштешип келгендиктен, азыноолак тажырыйба бар экенин эске алып, Кыргызстан жаңы уюмдарга кирип калса, анын чечимдерин кабыл алуу добушу да башка өлкөлөр менен бирдей болушу шарт экенин билдирди. Анын айтымында, баардык чечимдер теңата сүйлөшүүлөр аркылуу консенсуста кабыл алынышы керек.

«Азыр Бажы биримдигине кирип алып, кийин уят болуп калбайбызбы?» деген да пикирдегилер бар, мен аларга: «Азыр Бажы биримдигине кирбей калсак, кийин уят болуп калбайбызбы?» деп айткым келет. Ушу тапта Кыргызстан Бажы биримдиги менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндик курамына кире тургандыктан, убактылуу болсо дагы, мунайзат экспорттук алымсыз келип жатат. Ошондой сүйлөшүлгөн. Эртеби-кечпи, Орусия ал алымды кайра киргизет да. Эми, мындай мисалдар арбын. Бирок, бул уюмдардын келишимдеринде уюмдан чыгуу механизмдери да сөзсүз камтылышы керек», - дейт депутат. Себеби, ал уюмдардын катарынан чыгууга түрткөн ар кандай жагдайлардын жаралып калышы да мүмкүн.

Депутат М.Султановдун пикиринде, Бажы биримдиги менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында бирдиктүү валюта киргизүү демилгеси азырынча эртелик кылат. «Бул уюмга кирген өлкөлөрдүн каржылык, анын ичинде акча-насыя саясатында өзгөчөлүктөр бар, экономикалык өсүү деңгээли да бир кылка эмес, ошондон улам, бирдиктүү валютага өтүү демилгеси азырынча эртелик кылат», - деп жыйынтыктады М.Султанов.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...