Latest articles

Жапалак айылында жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймагында 90 орунга ылайыкташтырылган бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгын басма сөз кызматынан билдирди.

Бул балдар бакчасынын пайдубал түптөө салтанатына кечээ Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган жетекчилер, шаардык кеңештин депутаттары жана ошондой эле жергиликтүү эл катышты.

Маалыматка ылайык, курулуш долбоору 20 млн. 900 миң сомду түзгөн 90 орундуу бала бакчаны курууда анын 8 жарым млн. сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, калганы Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдувахаб Нурбаевдин демөөрчүлүк жардамы менен болду.

“Бала бакчага курулчу 40 сотук жерди ошол эле айылдын тургуну өз ыктыяры менен берген. Балдарыбызга камкор ал жаранга болсо, мэрия башка жактан жер бөлүп берди,” – дейт басма сөз кызматы.

Original url : saresep.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...