Latest articles

Ат-Башы. Айыл тургуну өз үйүн бала бакчага берди

Ат-Башы. Айыл тургуну өз үйүн бала бакчага берди

Нарын облусунун Ат-башы районундагы Большевик айылынын тургуну Малдыбай Асаналиев өз үйүн убактылуу бала бакчага берди.

Бул тууралуу Ат-Башы районунун акимдин орун басары Ажар Дүйшөналиева маалымдады. Аталган айылдагы бала бакчанын имараты тар болгондуктан, талапка жооп бербейт деген санэпидстанциянын бүтүмүнөн соң, март айында бакчанын бир тайпасы жабылган. Ошондуктан жашоочулар жана бала бакча кызматкерлери бала бакча ачууга аракет жасап жатышкан болчу. Айыл тургуну Малдыбай Асаналиев 7-8 бөлмөлүү үйүн бала бакчага кылууга берди. Үйдү косметикалык ремонттон өткөрүп, азыркы учурда кенже курактагы жана ортоңку курактагы тайпанын балдары тарбияланууда,-дейт ал.

Original url : www.naryn.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...