Latest articles

Зордуктаган жаранды 24 жаштагы кыз бычактап салган

Бишкек шаарында 24 жаштагы кыз аны күч колдонуп зордуктаган 49 жаштагы жаранды бычактап салды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө каза болгон жаран 49 жаштагы Э.Абды аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну экени аныкталган. Ал 24-сентябрь күнү Бишкектеги мектептердин биринде оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн өзүнө жардамчы издеп, "Ош базарына" келген. Ал жерден радиотүйүн аркылуу 24 жаштагы Н.Кыял аттуу кызды таап, кечке чейин иштөө үчүн 500 сом берерин айтып макулдашышкан. Мектептеги оңдоо иштери бүткөн соң 700 сом берерин айтып, даараткананы да оңдоо үчүн жардамдашып коюусун суранган. Буга кыз макул болгон. Жумуштун баары бүткөндө Абды аны бөлмөлөрдүн бирине камап, күч колдонуп зордуктап, түнү менен бирге болосуң деп коркуткан. Андан кийин дагы бир жолу жыныстык катнашка барууга аракет кылганда Кыял бычакты алып, төш тарапка сайып жиберген. Андан соң, коркуп кетип өзү "Тез жардамга" жана милицияга кабар берген. 49 жаштагы Абды алган жараатынан ооруканада көз жумган.

Азыркы тапта аталган 24 жаштагы Кыял аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну кармалып, кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...