Latest articles

Бир баштык ундун баасы 1300 сомго баланууда

Бир баштык ундун баасы 1300 сомго баланууда

Кийинки мезгилдерде Ош шаарынын базарларындагы ундун баасы ото жогорулап кеткени баарыбызга белгилуу болчу. ошондуктан ундун баасын томондотуу максатында окмот башчысы Ж. Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен материалдык резерв тарабынан арзан ундар болунуп берилди . Азыркы кундо Ош шаарынын Кара-Суу кочосундогу жана Керме-Тоо районундагы Бай-Бол базарынын ун сатуучу жайларында арзан ундун бир баштыгы 1150 сомдон сатылууда. Анткени окмоттун негизги максаты ун бааларына болгон осууну томондотуу жана калктын жакыр болугун ун менен камзыз кылуу.Бул ишти колдоо учун Ош шаарынын 11 аймактык кенештик окулдору мене жолугушуу откорулгон. натыйжада мумкунчулугу чектелген жана турмуш шарты начар, аз камсыз болгон 100 уй булону арзан ун менен камсыз кылуу чечими кабыл алынды.29- ноябрдан тартып график боюнча бериле баштады. дагы айта кетуучу нерсе окмот тарабынан сатылып жаткан ундун натыйжасында,базардагы ундун баалары бир кыйла томондоду. алып сатуучулар же кээ бир жарандар тарабынан пайдаланып кетпесин жана калын журтка бирдей жеткируу максатында ар бир сатып алуучуга эки баштыктан гана сатылып жатат, деп билдирди Ош шаарынын мээриясынын оноржай жана ишкердуулукту онуктуруу башкармалыгынын башчысы Алик Мырзалиев.

Сакчыбек Маматисаев

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

Comments

  • nurim at 03.12.2012 @ 08:51

    Бир баштыкты же бир мүшөкпү?