Latest articles

Украинадан Кыргызстанга келчү товарлар кыскарды

Кыргызстанга Украинадан келчү тамак-аш азыктары 15% кыскарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өндүрүш продукцияларын жеткирүүчүлөр бирикмесинин президенти Гүлнара Өскөнбаева билдирди:

- Украин ишкерлери менен макулдашууга ылайык, товарлардын акчасы дайыма алдын-ала төлөнүп келген. Мамлекеттеги коомдук-саясий абалдын курч болуп турганына байланыштуу кыргыз ишкерлери тобокелчиликке барууну каалабай, ал жактан алынчу товарлардын санын кыскартты. Анын ордуна Казакстандан жана Орусиядан алынчу товарлардын санын көбөйтүштү.

Кыргызстанда Украинада чыгарылган таттууларга, май жана ун азыктарына, ошондой эле эмеректерге талап күчтүү.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...