Latest articles

Ошто сапаттуу тамактануу талкууланды

Бүгүн, 16-сентябрда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын тамактануу мыйзамы боюнча тегерек стол болду. Ага Ош облусундагы медицина тармагындагы кызматкерлер, жарандык коом жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чара "Кыргыз туз өндүрүүчү" ассоциациясы тарабынан ЮНИСЕФтин колдоосунда уюштурулган. Анда тамактануу боюнча кабыл алынган үч мыйзам ортого салынды. Ал мыйзамдар йоддолгон туз, байытылган ун жана эненин эмчек менен эмизүүсү боюнча.

Уюштуруучулардын айтымында ал мыйзамдар толук кандуу аткарылбай жатат. Ошол себептен буга чейин алардын аткарылышы боюнча атайын мониторинг жүргүзүлгөн. Бүгүнкү тегерек столдо мониторингдин жыйынтыгы тааныштырылып, андагы кемчиликтер талкууга алынды.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...