Latest articles

Швейцария Кыргызстанга ГЭС кургусу келет

Бул тууралуу швейцариялык Stucky энергетикалык компаниясынын жетекчиси Антуан Дюба 8-сентябрь күнү Бишкекте вице-премьер-министр Валерий Диль менен жолугушканда айтты.

Сүйлөшүү учурунда Дюба "Кыргызстан өзүнөн өндүргөн энергетиканы өлкө ичине сатуу менен катар аны экспорттоосо да болот. Биз жергиликтүү рынокту иликтеп, ушундай тыянакка келдик",- деди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Валерий Диль өлкөдө ишкерлик кылууга түзүлгөн шарт тууралуу маалымат берип, Кыргызстан европалык компаниялар менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...