Latest articles

Чаткал районунда бир да мектеп интернет булагына туташтырылган эмес

Жалал-Абад облус аймагындагы 472 жалпы билим берүүчү мектептерди компьютер менен камсыздоо көрсөткүчү 73 пайыз болсо, анын ичинен жаңымуундагы компьютерлер 53 пайызды түзөт. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, мындан сырткары район-шаарлардын 132 жалпы билим берүүчү мектептери интернет булагына туташтырылып, төлөө каражаттарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечилген.

«Ал эми Кара-Көл, Майлуу-Суу шаарларынын бардык мектептери, Таш-Көмүр шаарынын 14 мектебинин 13 мектеби интернет булагына туташтырылган.

Тоолуу Чаткал районундагы бир да мектеп интернет булагына туташтырылган эмес», - деди Г.Аширова.

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...