Latest articles

Ош шаарынын жаштары убактыларын пайдалуу өткөрүшөт

Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети менен «Интербилим» бейөкмөт уюму биргеликте жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүү боюнча иш чара өткөрүп жатат. Мындай иш - чара шаардын тарыхында эң алгачкылардан болуп олтурат. «Тургундарга анкета түрүндө кайрылып, алардан бош убакытты пайдалуу өткөрүү жөнүндө пикирин алабыз. Учурда бул иш - чара шаарыбыздын Юго – Восток кичи районунда кызыктуу жүрүп жаткан кербези. Жаштардын көпчүлүгү жактырган пикирди жаштар комитетине сунуштайбыз. Көпчүлүк жаштар тандаган окуу долбоор же башка ушул сыяктуу процедураны тандап, аны жергиликтүү бюджеттин 2013- жылкы планына бекитмекчибиз» дейт аталган уюмдун координатору жана иш – чаранын уюштуруучусу Мээрим Досмуратова.

Иманбек Азизилла уулу

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...