Latest articles

Айыл чарба министрлиги Россияга 50 миң тонна эт жеткирүүнү болжолдоп жатат

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги 2014-2015-жылдарда Россияга 35-50 миң тонна эт жана 2 миң тоннанын тегерегинде сүт азыктарын жеткирүүнү болжолдоп жатат. Бул тууралуу кечээ, 21-августта ата мекендик айыл чарба азыктарын Россияга экспорттоо маселелерине арналган тегерек столдо Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, бул арада мындан тышкары Кыргызстан Россияга - 560 миң тонна картошка, 5 миң тонна - бакча өсүмдүктөрүн, 250 миң тонна - консерваланган жашылча, 3 миң тонна - жүзүм, 65 миң тонна - кургатылган жемиш, 120 миң тонна - жаңгак, 15-20 миң гекалитр - минералдык суу жана алкоголсуз суусундуктарды жеткириши күтүлөт.

"Баардык сунуштарыбызды Россиянын айыл чарба министрлигине сунуштадык. Бүгүн телефон менен сүйлөшүү белгиленген, күтүп жатабыз",- дейт Айдаралиев.

Ошондой эле министр Россиянын Айыл чарба министри көптөгөн маселелерди жеринде келип көрүшү үчүн Кыргызстанга чакырылганын айтты.

Original url : kyrgyz.vb.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...