
Кыргыз РеспубликасынынБилим берүү жана илим министрлиги өлкөбүздүналыскырайондорунда жайгашкан авариялык абалдагы 13 мектепке текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматыбилдирди.
Басма сөз кызматы билдиргендей, министрдин орун басары Догдуркүл Кендирбаева жетектеген комиссия Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Кара-Суу, Өзгөн жана Араван райондорундагы мектептерди текшерип чыкты.
«Тогуз-Торо районундагы Азамат уулу Калдыбай атындагы орто мектеп авариялык абалдагы мектептердин бири болуп эептелет. Мектеп райондун борборунан 45 км алыстыкта жайгашкан. Каржы маселесине байланыштуу жаңы мектептин курулушу токтоп калган. Мектептин эски имаратында 1-сентябрдан баштап 170 окуучу билим алуусун улантат», - деп берилген маалыматта.
Original url : kyrgyzkabar.kg
No comments so far...