Latest articles

Кыргызстандын түштүгүндөгү журналисттерге Польша Республикасынын элчилиги стажировкага жолдомо берет

Польша Республикасынын Казакстан жана Кыргызстандагы элчиси Яцек Ключковский Кыргызстандын түштүк облустарындагы журналисттерди Польшага стажировкага жиберүүнү пландаштырып жатышкандыгын 14-август күнү КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жумагүл Эгамбердиева менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, Польшага стажировкага буга чейин борбордук жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген журналисттер барып келишкен. Эми региондордо иштеген журналисттер да Польша мамлекети менен таанышып, аны жергиликтүү ЖМК чагылдырып берсе, эки мамлекет ортосундагы маданий байланыштын бекемделишине жакшы шарт түзүп бермек.

«Менин маалыматым боюнча кыргызстандын түштүгүндө да бир топ өнүгүүлөр болуп жатат. Бул жакта иштеп жаткан журналисттердин кесиптик билимин өркүндөтүп, Польша мамлекетинин жетишкендиктери менен таанышып келүүгө келээрки жылы стажировка уюштуруунун пландаштырып жатабыз», - дейт элчи Я. Ключковский

Original url : kyrgyzkabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...