Latest articles

Ак-Талаа районунун Баетов жана Терек айылдарында суу тартыш болуп жатат

Ак-Талаа районунун Баетов жана Терек айылдарында суу тартыш болуп жатат. Суунун жетишсиздиги мөңгүлөрдүн аз болгондугуна байланыштуу. Ошондой эле жаан-чачын дагы жаабай жаткандыктан суу аз болууда. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Нарынбек Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, "Ак-Талаа районуна суу сактоочу бассейндерди куруп, алардын санын көбөйтүш зарыл. Ошондой эле айдоо аянттарын азайтып, түшүмдүүлүктү мол бере турган жашылча-жемиш жана арпа-буудайды айдашыбыз керек. Ошондой болгондо гана сууну үнөмдөө болот", - дейт ал.

"Баетов жана Терек айылдарындагы талааларга минутасына 5 жүз литр суу агып келүүдө. Эки айылды суу менен камсыз кылыш үчүн минутасына 1,5 миң литр суу агып келиши керек. Азыркы тапта, эки айылдын талааларына сууну кыйынчылык менен жеткирип жатабыз. Ал эми райондун калган айылдарында суу маселеси жок", - дейт ал.

"Сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча атайын окууларды өткөрүп жатабыз. Эми бул окуулардан жыйынтык чыгат болуш керек" , - деп кошумчалады Керимкулов.

Original url : kyrgyz.vb.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...